Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк тарбия берүү боюнча евразиялык аянтча ачылат

Салтанаттуу ачылышы Түп районунун Ак-Булуң айылында өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө Токтогон Алтыбасарованын атындагы үй-бүлөлүк тарбия берүү боюнча "Эне жана Мээрим элдик руханий-агартуу борбору" аттуу евразиялык аянтча ачылат.
Иш-чараны “Салттуу баалуулуктарды карманган аялдар союзу” коомдук бирикмеси уюштурууда.
Борбордон сырткары Токтогон Алтыбасарованын эстелигин ачуу пландалып жатат.
Салтанаттуу ачылышы 9-июнда Түп районунун Ак-Булуң айылында өткөрүлөт. Эстелик Гүлнара Дегенбаева жетектеген “Мээрим булагы” фондунун демилгеси менен даярдалаган.
Иш-чарага канайым Айгүл Жапарованын, коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватийдин, Россия элчилигинин өкүлдөрү жана аскердик атташесинин, Санкт-Петербургдан келген коноктордун жана башкалардын катышуусу күтүлүүдө.
Иш-чараны өткөрүүгө Россиянын элчилиги, Коргоо министрлиги, Бишкек жана Кыргызстандын епархиясы колдоо көрсөткөн. Биргелешип уюштурууга Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому жардам берген.
Токтогон Алтыбасарова 18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн. Ал тарыхта мээрман, ак жүрөк эне катары калды.
150 баланы багып алган 18 жаштагы кыз. Кыргыз элинин эрдиги жөнүндө видео