Адис тердин жытын күчөтүүчү азыктарды атады

Ашыкча салмак да терчилдикти жаратат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Эндокринолог Зухра Павлова Sputnik радиосуна курган маегинде кайсы азыктар тердин жыт менен чыгышын шарттай турганын айтып берди.
Дарыгер белгилегендей, тер ар кандай оорулардан, теридеги бактериялардын көптүгүнөн улам кескин жыттанышы мүмкүн. Денеден бөлүнүп чыккан терде микроорганизмдерди азыктандырган заттар канчалык көп болсо, ошончолук жыт чыгат.
"Тердин кескин жыттанышына көпкө туруп калган сыр, түрдүү татымалдар, таттуу сүт азыктары таасир берет. Терге бактериялык флора аралашканда жыттана баштайт. Адам тердегенде суу гана чыкса, анда теридеги микробдор азыктана алышпайт. Бирок кант бөлүнүп чыкса бактериялар үчүн табылгыс тамак-аш болот", – деп белгилеген Павлова.
Ал ошондой эле кайсы азыктар тердин көп бөлүнүп чыгышын шарттай турганын түшүндүргөн.
"Ысык чай, кофе же жөн эле ысык суу тердин көп бөлүнүп чыгышына алып келет. Бул жерде азыктын температурасы башкы мааниге ээ. Эгерде сиз малина, бал, имбир менен чай, суу иче турган болсоңуз тердейсиз", – деген Павлова.
Ал ашыкча салмак да терчилдикти жаратарын кошумчалаган.
"Адамдын тердеши, анын жыты тамак-ашка гана байланыштуу эмес. Ага башка илдеттер да себеп болушу мүмкүн. Мисалы, гормоналдык баланстын бузулушунун белгилеринин бири – тердөө. Мындайда дарыгерге кайрылган оң", – деп сөзүн жыйынтыктаган Зухра Павлова.
Ооздон чыккан жагымсыз жыт кайсы оорулардан кабар берет? Адистин жообу