Чолпон-Атада эл аралык туристтик форум ачылды. Анын алкагында ITF We are Nomads көргөзмө-жарманкеси өтөт. Иш-чарага туроператорлор, пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлери катышат.
Форумду Кыргызстандын курорттор ассоциациясы, I am Nomad жана Sun House коммерциялык уюмдары, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана Туризм департаменти уюштурду.
Форумдун программасы беш сессияны камтыйт. Катышуучулар туризм тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, жашыл технологиялар, маркетинг, туризм тармагын санариптештирүү жана башка маселелерди талкуулашат.
“Ысык-Көл облусуна 1 миллион 800 миң турист келген, бул көлүбүзгө жана кайталангыс жаратылышка болгон кызыгуунун артканынан кабар берет. Быйыл да туризм тармагына жаңы технологияларды киргизүүнү пландап жатабыз. Анын ичине туристтер үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү, аттракциондор жана маршруттар тууралуу маалымат камтылган мобилдик тиркемелерди түзүү, ошондой эле социалдык тармактарда жана эл аралык туристтик платформаларда биздин аймакты активдүү жарнамалоо кирет”, - деди Далиев.
ААКнын тең төрагасы Азамат Жаманкулов форумда талкууланган көптөгөн иш механизмдери кийинчерээк реалдуу сектордо колдонулуп жатканын белгиледи.
“Жарманкенин алкагында келишимдер менен байланыштар түзүлүүдө. Катышуучулардын саны да көп нерседен кабар берет. 2016-жылы 60 компания болсо, быйыл 120дан ашты, анын жарымынан көбү чет өлкөлүк”, — деди Жаманкулов.
Уюштуруучулар иш-чарага 3 миңден ашык адам катышат деп болжошууда.