Психолог бири-биринен чарчадык деген түгөйлөрдүн жаңылыштыгын айтты

Адис үй-бүлөдө жубайлардын бири-биринен көңүл калуусу көп учурда эмне болуп жатканын ачык сүйлөшпөгөндүктөн келип чыгарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Үй-бүлөлүк мамиледе айрым учурда түгөйлөр бири-биринен чарчап кетишет. Психолог Андрей Клеверин Sputnik радиосунда бул эмнеден жараларын жана кантип жөнгө салса болорун түшүндүрдү.
Адистин айтымында, жашоого канааттанбагандык, түгөйүнө дайыма нааразы боло берүү, экөө бир жерде болсо чукчуңдашып кетиши, кыртышы сүйбөгөндүк – мунун баары түгөйлөрдүн бири-биринен чарчагандыгынан кабар берет.

"Жакын адамыңыз менен көп жыл жашап, кайсы бир учурда анын камкордугу, сүйүүсү, жылуулугу мурдагыдан көбөйөт деп үмүттөнүп, бирок андай болбой калса чыр-чатак, таарынычтар чыгат. Ойлогонуңдай болбой, кызыкчылык кеткенде адамдар бири-биринен тажай башташат", – деген Клеверин.

Адис үй-бүлөдө жубайлардын бири-биринен көңүл калуусу көп учурда эмне болуп жатканын ачык сүйлөшпөгөндүктөн келип чыгарын белгилеген.
"Ар бир түгөй урушат, таарынышат. Башкысы, ошол учурда мамилени бузган нерселерге жетпеш керек. Жубайлар кепке келип, көйгөйүн чечип, элдешкенден кийин ичте таарыныч калбагандай болушу зарыл", – деген Клеверин.
Мамиле такыр эле болбой жатса психологго кайрылышы керектигин айткан. Эгерде түгөйлөр бир айдай бөлөк жашоо менен көйгөйдү чечебиз деп ойлошсо жаңылышарын эскерткен.
Сексолог түгөйлөрдүн төшөк мамилеси суубаш үчүн эки жолду сунуштады