Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандардын бирине үй берилди

Кырсык болгонго чейин ал үй-бүлөсү менен жатаканада жашап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариядан жабыркагандардын бирине ЖЭБдин балансында турган үй берилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 2-февралда борбор калаадагы ТЭЦтеги жарылуудан беш адам жабыркаган. Эртеси президенттин Ту-154 учагы менен эки кызматкер Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн. 9-майда алар Бишкекке кайтып келип, Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациядан өтүп жатышат.
"Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчилиги ишкананын балансында турган үйдү жабырлануучуга берди. Кырсык болгонго чейин ал үй-бүлөсү менен жатаканада жашап, жалгыз багуучу болуп келген", — деп айтылат маалыматта.
Жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров ишкана мындан ары да колдоо көрсөтө турганын кошумчалады.
Министрлик: үч айда өндүрүштө жабыркагандарга 12 млн. сомдон ашык акча төлөндү