Садыр Жапаров эски унааларды жаңыга алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн айтты

Өлкө башчы бул аракеттер экологияны коргоо максатында жасаларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар эски унааларын жаңы электромобилдерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушууда билдирди.
Садыр Жапаров менен Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Мухаммед Аль-Жассер
Өлкө башчы Сокулук районунда кытайлык компания менен биргеликте жылына 80 миңге чейин электромобилдер чыгарыла турган автозавод курулуп жатканын белгиледи.
"Бул завод ишке киргенден кийин абаны булгап жаткан бардык эски машиналарды чогултуп, ээлерине 10-15 жылга [лизингге] электромобилдерди беребиз. Долбоорду ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында ишке ашырабыз”, – деди президент.
Ал ошондой эле Жапаров Кыргызстандын аймагынын баарын жашыл экономикага, жашыл энергетикага айландырганга көптөгөн аракеттер жасалып жатканын кошумчалады.
Электромобилдерди бажы төлөмүсүз дагы эки жыл ташууга болот. Эскертүү