Радио

Мадиев: Кызыл китептеги жаныбарлардын тизмеси жаңыланат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев Кызыл китептеги жаныбарлардын тизмеси жаңыланарын айтты.
Sputnik
Учурда Кызыл китепти жаңылоо үчүн эл аралык уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ иштеп жатат. Бул тууралуу Адис Мадиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдагы иш планына кирген.
"Кызыл китепти жаңылоо иштери "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" жана "2024-2028-жылдардагы жашыл экономиканы өнүктүрүү" программаларына кирген. Учурда Кызыл китептеги тизмени жаңылоо боюнча иштер жүрүп жатат. Мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн, азыр демөөрчүлөр изделүүдө", — деди Мадиев.
Ал ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүндө көп өзгөрүүлөр бар экенин, кайсылары көбөйүп же азайып жатканы аныкталып жатканын кошумчалады.
Тема боюнча:
Туризмди санариптештирип, туристтер үчүн ыңгайлуу платформа түзүү керек