8-июнга карата аба ырайы

8-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ишембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Талас аймагында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +33...+35, Ошто +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +22...+24 градуска жетет.
Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши токтотулду. Тизме