Путин АКШда Трамптын куугунтукталышы, шайлоо боюнча суроолорго жооп берди

Путин Россия үчүн АКШдагы президенттик шайлоодо ким жеңери маанилүү эмес экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Американын мурдагы лидери Дональд Трампты куугунтуктоо сот системасын ички саясий күрөш үчүн колдонууга жатат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин ПЭЭФтин алкагында эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууда билдирди.

“Трампты куугунтуктоо, айрыкча аны канча жыл мурда болгон окуялардын негизинде далилсиз айыптоо саясий күрөштүн алкагында сот системасын колдонуу экени дүйнө жүзүнө ачык көрүнүп турат”, деди Путин.

Ал Россияга АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп менен Жо Байдендин кимиси жеңери маанилүү эмес экенин белгилеген.
Эске салсак, буга чейин Нью-Йорктун соту Дональд Трампты документтерди фальсификациялоо иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Алар Трамп иштин бардык 34 пункту боюнча күнөөлүү экенин бир ооздон таанышкан. Саясатчы чечимге даттанууга укуктуу. Бул аны президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратпайт. Трампка тагылган айыптардын бардыгы үчүн 136 жылга эркинен ажыртуу жазасы берилиши мүмкүн. Бирок экс-президент күнөөсүз экенин жана иш козгоого негиз жоктугун билдирген. Ал ачылган кылмыш иштерин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого баруусуна бут тосуу катары сыпаттаган.
Байден Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке АКШ жалгыз жеткенин айтты. РФтин жообу