Путин чет элдик журналисттер менен жолукканда эмне деди? Тезис

Журналисттер Украинадагы абал, дүйнөлүк саясат, экономика, дипломатия сыяктуу бир катар багыттар боюнча суроолорду узатышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында чет элдик маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушту.
Путиндин кебин тезис менен беребиз:
Американын мурдагы лидери Дональд Трампты куугунтуктоо - бул сот системасын ички саясий күрөш үчүн колдонууга жатат;
Трампты жоопко тартуу, айрыкча аны канчалаган жылдар мурун болгон окуялардын негизинде, далилсиз айыптоо саясий күрөштүн алкагында сот системасын колдонуу экени дүйнө жүзүнө ачык көрүнүп калды;
Россияга АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп менен Жо Байдендин кимиси жеңери маанилүү эмес;
АКШ Украина жана украин элин эмес, өзүнүн дүйнөгө үстөмдүгүн сактап калууну ойлойт;
АКШ Зеленскийден бир жылдан кийин кутулат. Баарын жасатып туруп, жакшы бар дешет;
Украинада жүрүп жаткан жалпы мобилизация кадр маселесин чечпейт. Андагы жоготуулар айына болжол менен 50 миң адам;
АКШ администрациясы Украинадагы мобилизация босогосун 18 жашка түшүрүүнү талап кылууда;
Россия НАТОго кол салууну пландаган эмес, бул тууралуу айтылгандардын баары куру сөз. Россиянын империялык амбициясы жок;
АКШ Украинаны курал менен камсыздоону токтотушу керек, ошондо жаңжал бүтөт;
Германияда жасалган биринчи немец танкалары Украинанын жеринде пайда болгондо Россия моралдык жана этикалык шок абалында калган. Анткени Россиянын коомчулугунда Германияга карата мамиле дайыма жакшы болуп келген. Эми алардын Россиянын аймагындагы буталарга сокку уруучу ракеталары келсе орус-немец мамилелери толугу менен бузулат;
Биз абадан коргонуу системаларыбызды жакшыртабыз;
Долларга тыюу салуу АКШ администрациясынын чоң катасы;
Россия менен Казакстандын ортосунда абдан тыгыз союздаштык мамиле бар;
Россия Түштүк Кореянын Украинага курал жеткирбей жатканын жогору баалайт.
Петербург эл аралык экономикалык форумунун биринчи күнү кандай өттү