Кыргызстанда мамлекеттик логопеддик борборлорду ачуу сунушталууда

Жеке логопеддик борборлордо 40 мүнөттүк сабактын баасы 700 сомдон 2 миң сомго чейин экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Депутат Айсулуу Мамашова өлкөдө тили кеч чыккан балдар көбөйүп, адистердин таңсыктыгы чоң көйгөйгө айланганын билдирди.
"Азыр дээрлик ар бир экинчи үй-бүлөдө 3-4 жашында сүйлөй албай жаткан балдар бар. Ата-энелер эмне кыларын билбей жатышат. Интернетте түрдүү оорулар тууралуу маалымат көп. Энелер адистердин жоктугунан улам өз алдынча диагноз коюп, бүдөмүк абалда жүрүшөт. Аймактарда болсо бала өзү сүйлөп кетет деп күтүп жүргөндөр, дарыгер издеп Бишкекке көчүп келген энелер көп", — деп билдирди депутат.
Эл өкүлү жеке логопеддик борборлордо 40 мүнөттүк сабактын баасы 700 сомдон 2 миң сомго чейин экенин, 10 күндүк курс 60 миң сомду чапчый турганын айтып кейиди. Мындан улам ал өкмөттөн бул маселеге көңүл буруп, ар бир облуска мамлекеттик логопеддик борборлорду ачууну сунуштады.
Радио
Дефектолог: убагында логопедге барбаган балдар дислекция, дисграфияга учурайт