7-июнга карата аба ырайы

7-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. 7-июнь, жума күнү, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +29...+34 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын аймагында +19...+24, Талас облусунда +26…+31 градуска жетет.
Борбор калаада күндүн табы +31...+33 градуска жетсе, Ош шаарында ала булут каптап, +32...+34 градус жылуу болот. Ал эми Чолпон-Ата шарында өткүн өтүп, +18...+20 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Радио
Туризмди санариптештирип, туристтер үчүн ыңгайлуу платформа түзүү керек