Жогорку Кеңеш Бажы кызматына тергөө жүргүзүү функциясын кайтарып берди

Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеп, долбоор мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Мамлекеттик бажы кызматына (МКК) тергөө функцияларын кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Документти министрлер кабинети демилгелеп, долбоор мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталганы белгиленген.
Анын негиздемесинде мыйзам долбоору бажы органдарына аталган чөйрөдөгү кылмыштарды тергөө укугун берүү үчүн иштелип чыкканы жазылган.
Документте бажы органдары өз компетенциясынын чегинде республиканын тышкы экономикалык коопсуздугун камсыздай турганы, аткезчилик жана бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндөр менен күрөшүүгө, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга, ошондой эле эл аралык терроризмге каршы турууда көмөктөшөрү айтылган.
"Бажы кызматы бул тармактагы кылмыштарды тергеп турганда келтирилген зыяндын болжол менен 90-98 пайызы кайтарылган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, бажылык кылмыштар тергөөчүлөрдүн өзгөчө квалификациясын талап кылары белгиленген. Алар жазык жана салык мыйзамдарынан тышкары ЕАЭБдин Бажы кодексин жана башка эл аралык ченемдик-укуктук актыларды да мыкты билиши керектиги кошумчаланган.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соодада товардын 90%ына бажы алымы колдонулбайт