Радио

Чыналиев: тоют арзандап кетеби деген тынчсыздануу бар

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бөлүм башчысы Муктар Чыналиев быйыл тоют кылчу чөптөр көп айдалганын айтты.
Sputnik
Жаан-чачындуу аба ырайынан улам быйыл тоют кескин арзандап кетеби деген чочулоо бар. Бул тууралуу Муктар Чыналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл өткөн сайын үлүш жерлер тосулуп, малдын жайыттары да азайып баратат.
"Жылына түшүмдүүлүк аз болуп, тоют көйгөйү чыгып келген. Мунун бир себеби — топурактын кунарсыздыгы. Ошто жана Бишкекте республикалык эки чоң лаборатория бар. Аларга топурактын анализин тапшыргандар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Азыр ар бир облуска топуракты изилдеген лаборатория ачуу планыбызда бар. Муну менен катар барган сайын малдын башы өсүп жатат жана ылдыйкы зоналарда жайыттардын тарыганы байкалууда. Анткени жайыттар трансформацияланып, калктуу конуштар, өндүрүш үчүн пайдаланган аянттар өсүүдө. Багбанчылык өнүккөн сайын үлүш жерлердин баары тосулуп калды. Ошол себептен дыйкандар малына короодон эле чөп бергенге өтүүдө. Ал эми тоютка өтсөк, быйыл тоют чөптөр биз күткөндөн да көп эгилүүдө. Себеби кара беденин да үрөнү тартыш болуп жатат. Кургакчылыктан улам былтыр чөптүн бир түгү 400 сомго чыгып кеткен. Быйыл жаан-чачын көп түшсө тоют өсүмдүктөрү, тескерисинче, арзан болуп калабы деген чочулоо бар. Мында дыйкандын эмгеги кайтпай калышы мүмкүн", — деди Чыналиев.