РФ компанияларынын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына катышуусу чектелди

Эмбарго оор абалда калып, жакырчылыкта жашаган өлкөгө гуманитардык жардам берүү программасына таасир этти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Россиялык компаниялардын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын тендерлерине катышуусу чектелгенин РБК өзүнүн маалымат булагына таянып жазды.
Эмбарго оор абалда калып, жакырчылыкта жашаган өлкөгө гуманитардык жардам берүү программасына таасир этти. Россия бул жаатта жыйырма жылдан бери азык-түлүк жеткирип келчү. Россиядан чыккан ун, суу май, буурчак БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына алынган азык-түлүктөрдүн 20%ын түзчү. Тамак-аш негизинен Сирия, Судан, Афганстан, Палестина жана Борбор Азия мамлекеттерине берилип келген.
БУУ бул тууралуу азырынча үн ката элек, бирок чектөө тууралуу маалыматты Россиянын БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Римде жайгашкан башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Диляра Равилова-Боровик тастыктады.
Abakan Air (БУУнун аталган программасына жеткирип берип турган ири ишкана) компаниясынын гуманитардык коштоп жүрүүлөрдү жасаган департаментинин жетекчиси Дмитрий Сухов россиялык жеткирүүчүлөр ири алдыда "товар кайсы өлкөдөн чыккан" деген принциптен улам коюлган чектөөлөрдөн кыйналып келгенин айткан.
Басылма БУУнун басма сөз кызматы сурамга жооп бербегенин, аны аталган программага жөнөткөнүн жазды. Ресурс ТИМ жана РФтин Айыл чарба министрлигинен да маалымат сураган.
Россия — Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ири донору. Соңку ирет 400 тонна тамак-аш жеткирилген.
Пресс-борбор
Адис: Кыргызстандын мектептеринде ысык тамакка АКШ эмес, Россия жардам берүүдө