БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөтүп, макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Азыр Асаналиев Ош облусунун прокурору болуп иштеп жатат.
Буга чейин социалдык тармакка президент Асаналиевдин талапкерлигин көрсөткөнү боюнча маалымат тараган. Ички документтин ачыкка чыгып кеткендиги боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканы айтылды.
Эске салсак, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени белгилүү болгон. Ал эми 4-июнда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Курманкул Зулушевдин башкы прокурор кызматынан кетүү тууралуу арызын жактырган.