Кыргызстан менен Россиянын ИИМ башчылары кызматташууну талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ички иштер министрлери эки тараптуу кызматташууну талкуулаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Улан Ниязбеков менен Владимир Колокольцев Москвада 4-июнда жолуккан. Кыргызстан ИИМинин башчысы мамлекеттер менен тартип сактоо тармагындагы кызматташтыктын достук маанайдагы тарыхы тереңге кеткенин, өз ара сый жана түшүнүшүүгө негизделгенин белгилеген.
Ниязбеков Россиянын Ички иштер министрлигинин ЖОЖдору Кыргызстандын квалификациялуу милиция кызматкерлерин, кадрларды даярдаган мыкты окуу жайлардан экенин айткан.
Кыргызстан баңгизатка каршы жаңы технология менен күрөшүүдө. Каржыны РФ бөлгөн