Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштап, макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди башкы прокурорлукка талапкерлигин колдоп берди.
Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштап, макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизген. Жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Асаналиевдин өмүр баяны менен тааныштырды. Анын айтымында, көзөмөл органынын жетекчиси кызматына талапкер Улуттук университетти юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн жана юстициянын полковниги.
Маселе парламентте каралып, Асналиев депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.
Жыйынтыгында 69 депутат "макул" деп добуш берип, ЖК Максат Асаналиевдин талапкерлигин колдоду.
Эске салсак, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени белгилүү болгон. Ал эми 5-июнда Жогорку Кеңеш Курманкул Зулушевдин башкы прокурор кызматынан кетүү тууралуу арызын жактырган.
Башкы прокурорлукка талапкер Максат Асаналиев тууралуу эмне белгилүү? Өмүр баяны