6-июнга карата аба ырайы

6-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. 6-июнь, бейшембиде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын аймактарында +18...+23, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +29...+34 градус ысык болот.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +30...+32 градуска жетсе, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +32...+34 градус жылуу болот. Ал эми Чолпон-Ата шарында өткүн өтүп, +21...+23 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Жалал-Абаддын борбордук аянтын жаңыртууга 900 млн. сом жумшалат