Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик пакистандык хакерлер маморгандардын сайтын бузуп, кыргызстандыктардын жеке маалыматын ачыктады деген окуя боюнча үн катты. Кечээ көптөгөн ЖМКлар киберчабуулду пакистандык хакерлердин "Team Insane Pakistan" аттуу тобу жасаганын жазган. Алар 600 миң кыргызстандыктын жеке маалыматын ачыкка чыгарган эле. Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги соңку убакта маалыматтар уурдалбаганын билдирди. Ал эми кечээ жарыяланган маалымат 2020-жылы Салык кызматынын сервисинен уурдалып, ачыкталган маалыматка окшош экени аныкталган. Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик маалыматтык системалар штаттык режимде иштеп жатканын маалымдады. Эми УКМКнын координациялык борбору, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги биргеликте ачыкталган маалыматты тыкыр иликтеп чыгары айтылды.
Жакынкы айларда бийлик бардык категориядагы дарыгерлердин маянасын 50-100 пайызга көтөрөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди. Анын айтымында, учурда орточо айлыктармедайымдардыкы — 17 миң сом; дарыгерлердики — 24 миң сом; участкалык дарыгерлердики — 35 миң сомду тузот.Мындан тышкары, аймактардагы 500 жаш адистин маянасына 12-15 миң сомдон, квартал сайын 66 миң сомдон дарыгердин депозити кошулат. Министр президент Садыр Жапаров 1-июлдан баштап аймактардагы педиатр, неонатолог, хирург, анестезиолог жана реаниматологдорго ай сайын 20 миң сомдон кошумча төлөм киргизилерин айтканын эске салды. Айлык акыны жогорулатуу боюнча эсептөөлөр министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн белгиледи.
Жалал-Абаддагы облустук администрация, мэриянын имараттары жана борбордук аянт жаңыртылат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды. Ага ылайык, курулушка 900 миллион сом сарптоо каралып жатат. Аталган иштерди 2025-жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүү пландалган. Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад Кыргызстандагы эң үлгүлүү шаар болорун айткан.
Индиянын премьери Нарендра Моди министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен отставкага кетти. Ал бүгүн өлкө башчысы менен жолугуп, кызматтан кетерин билдирди. Отставка парламенттик шайлоодон кийин милдетүү жасалуучу иш. Модини партиясы шайлоодо жеңишке жетип, 543 орундун 240ын алган. Бирок мындан да жакшы көрсөткүч күтүлгөн эле. Эми Индиянын президенти жеңишке жеткен партияга жаңы өкмөттү түзүү буйругун берет. Ошондуктан ЖМКлар Моди үчүнчү жолу премьер болуп калышын божомолдоп жатат.