АКШ Грузияга санкцияларды токтоосуз салууга ниеттенүүдө

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Тбилиси менен ар тараптуу кызматташууну карап чыгарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. АКШ Грузияга чет элдик агенттер боюнча мыйзамдан улам визалык чектөөлөрдү токтоосуз киргизет. Бул туурасында Мамдепартаменттин расмий өкүлү Мэттью Миллер айтканын РИА Новости жазды.
"Биз (АКШ — ред.) визалык санкцияларды ойлонбой туруп киргизерибизди түшүнүктүү кылып билдирдик", — деген ал.
Мамдепартаменттин өкүлү Кошмо Штаттар Тбилисинин демократиялык жолдон кыйгап өтүп, Грузиядагы жарандык коомчулукту кооптуулукка кептеп жатат деп түйшөлүп жатканын айткан.
"Биздин мамилелерди (Америка-Грузия — ред.) кайра карап чыгууну баштадык жана Грузия өкмөтүнүн бул кадамдарына кандай жооп берүүнү да карап жатабыз", — деп кошумчалаган Миллер.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Грузия менен ар тараптуу кызматташууну карап чыгарын жана визалык чектөөлөрдү киргизерин айткан эле.
Дүйшөмбү күнү Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили алардын президенти Саломе Зурабишвили чет элдик агенттер боюнча мыйзамга кол коюудан баш тарткандан кийин ал милдетти өзүнө алган.
Эми аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги эки айда каржылоосунун 20 пайыздан ашыгы сырттан жасалган бейөкмөт уюмдар менен ЖМКлардын электрондук порталын түзөт. Алар 2023-жылдагы каржысын декларациялап жана каттоодон өтүшү керек.
Грузияда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди