5-июнга карата аба ырайы

5-июнга караган түнү жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарында +20…+25, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +27…+32 градус жылуу болот.
Бишкек, Ош шаарларында күндүн табы +28...+30 градуска жетет. Чолпон-Ата шаарында дагы күн ачык болуп, +20...+22 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө кайрадан мамонттун калдыктары табылды. Сүрөт