Израилдин кол салуусунан Сириянын Алеппосунда бир нече киши көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн — Sputnik. Израилдин Алеппо шаарынын жака-белине кол салуусунан бир нече адам каза болгон. Бул тууралуу Сириянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Алепподогу объектилерге болжол менен 00:20да абадан чабуул жасалган.
"Аба аркылуу кол салуу Алеппонун түштүк-чыгышынан жасалды. Агрессиянын натыйжасында бир нече киши каза тапты", — деп айтылат маалыматта.
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Ташиев: палестин-израиль чырынын курчушу КМШга таасир этти