Депутат 8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөөнү сунуштады

Эмгек кодексине ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь мындан ары жумуш күн болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Депутат Жалолидин Нурбаев 8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөөнү сунуштады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитети жаңы Эмгек кодексинин долбоорун жактырды. Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь мындан ары жумуш күн болуп саналат.
Жыйында депутат Жалолидин Нурбаев 8-мартты деле иш күн кылууну сунуштаган.
"Эми бул күн 100 жыл мурда эле белгиленип калган. Аны кайра-кайра эме кыла бербей... Мейли, майрамдагандар майрамдай берсин. Бирок иштегендер иштей берсин да", — деген эл өкүлү.
Ал Курман айтты үч күн катары менен белгилөөнү сунуштаган.
"Кыргызстандын 90 пайызы мусулман болгондуктан Курман айт үч күн белгиленип жаткандан кийин үч күн беришибиз керек. Бул эми сунуш", — деген Нурбаев.
Радио
Карачалов: либералдык эмгек кодекси туңгуюкка кептейт