4-июнга карата аба ырайы

4-июнга караган түнү тоолуу райондордо жаан жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. 4-июнь, шейшемби күнү, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас облусунда +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +26...+31 градус, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +19...+24 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +28...+30 градуска жетсе, Ош шаарында ала булут каптап, абанын температурасы +29...+31 градуска жетет.
1-класска каттоо. I этапта толуп калган Бишкектеги мектептердин тизмеси