Стамбулда төрт кабаттуу үй урап, бир киши каза болду. Видео

Куткаруучулар бир адамдын сөөгүн, андан сырткары, жети кишини тирүү алып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында төрт кабаттуу үй урап, бир киши көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бүгүн эртең менен Стамбулдун батыш тарабындагы Күчүкчекмеже районундагы имарат урап, кишилер урандынын алдында калган.
Куткаруучулар бир адамдын сөөгүн, андан сырткары, жети кишини тирүү алып чыгышканы кабарланды. Соңку маалыматта экөөнүн абалы оор экени, уранды алдында дагы бир адам болушу ыктымалдыгы айтылган.
Жергиликтүү бийлик, Стамбул провинциясынын башчысы Давут Гүл бул атайылап жасалган жардыруу эместигин билдирген. Ал үйдүн 1988-жылы курулганын кошумчалаган.
Ошто курулушчу имараттан кулап каза болду