Жактоочу: министр Бейшеналиев экс-депутат Коргонбай уулун сотто утуп алды

Сот мурдагы депутатты министрдин уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп айткандарын төгүндөөгө милдеттендирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук соту саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өзүнүн ар-намысын, абийирин коргоо жана моралдык чыгымын өндүрүү үчүн мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулуна койгон доосун канааттандырды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.
Эске салсак, март айында ошол кездеги депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйынында Бейшеналиевди кылмыштуу топко тиешеси бар деп айыптаган. Ошондой эле анын Черный хирург деген каймана аты бар экенин айткан.
Саламаттык сактоо министри буга байланыштуу сотко кайрылган. Фемида өкүлү Коргонбай уулун бул айткандарын төгүндөөгө жана Бейшеналиевге моралдык зыян үчүн 10 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Бейшеналиев буга чейин соттон утуп алса 10 миң сомду балдар үйүнө же кимдир бирөөнүн операциясына берерин айткан. Ал эми сотко кайрылуусунун себеби айрым депутаттардын жекеликке өтүп кеткендигин токтотуу менен байланыштуу экенин кошумчалаган.
Братым да, сватым да эмес! Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу