Акылбек Жапаров иш сапар менен Беларуска барат

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе талкууланмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнда иш сапар менен Беларуска бара турганын өкмөттөн маалымдашты.
Министрлер кабинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, "Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу" деп аталган пленардык сессияда жана "Белагро-2024" эл аралык адистештирилген көргөзмөсүндө да болмокчу.
Жыйындагы талкууда Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү суроосу да бар. Ошондой эле рыноктордогу атаандаштыктын абалы, анын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу жаатындагы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз болуп, ЕЭКтин өткөн жылдагы отчету берилет.
Акылбек Жапаров: Кыргызстан үмүт жанган жаңы доорго бет алды