Эртеңден баштап өлкөдө жылуулук менен ысык суунун тарифтери көтөрүлөт

Жылуулукка төлөм 25 пайызга кымбаттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Эртеңден тарта (1-июнь) Кыргызстанда жылуулук менен ысык суунун тарифтери көтөрүлөт .
Минкабдын токтому боюнча, жылуулукка тариф 25 пайызга кымбаттайт. Тагыраагы, эми бир гигакалория үчүн төлөм 1 248 сомдун ордуна 1 560 сом болот.
Көрсөтүлгөн сумманы батирлеринин аянты 80 чарчы метрден ашпаган абоненттер төлөйт. Эгер батир мындан чоң болсо, анда башка сумма төлөнөт.
Энергетиктердин алдын ала эсептөөсү боюна, мисалы, батирдин аянты 100 чарчы метр болсо анын 80 чарчы метри үчүн 1 560 сомдук тариф менен төлөнөт. Калган 20 чарчы метрине бир гигакалория үчүн 2918 сомдук тариф менен эсептелинет.
Ысык суунун баасы (эсептегич приборлору боюнча) бир куб метрине 94 сом (мурда 72 сом болчу), ал эми бир адамга керектөө нормасы боюнча айына 449 сом (345 сом болчу) турат.
ТЭЦ, Чыгыш автобекети, "Бишкек жылуулук тармактары" мэриянын карамагына өтөт