Свердлов району боюнча 12 талапкер депутаттыка ат салышат. Тизме

Талапкерлерди каттоо 30-майда аяктап, жалпы 12 талапкер арыз берген. Арасында мурдагы депутат дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңешке №29 Свердлов бир мандаттуу округунан мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Малыматка ылайык, 30-июнда өтө турган шайлоого талапкерлерди каттоо 30-майда аяктаган.
Талапкерлер:
Аскар Алмаз уулу, 31 жашта, убактылуу иштебейт;
Таалайбек Усубалиев, 57 жашта, Бишкек шаардык кенешинин депутаты;
Жаныбек Асанбеков, 44 жашта, Бишкек шаардык кенешинин депутаты;
Назарбек Нышанов, 63 жашта, хирург-онколог;
Мээрим Бектемирова, 40 жашта, "Чүй электр тармактары" ​ишканасы, жетектөөчү адис;
Чыңгыз Сапарбаев, 36 жашта, "КЕН минералс" ЖЧКнын директору;
Казыбек Эргешов, 55 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
Ирина Карамушкина, 60 жашта, убактылуу иштебейт;
Талантбек Тилебалдиев, 55 жашта, "ТЭТ Курулуш" ЖЧКнын директору;
Роман Ремнёв, 41 жашта, коомдук-саясий ишмер;
Жумабек Салымбеков, 47 жашта, "Мурас-Спорт" ЖЧКнын жетекчиси;
Милан Турпанов, 46 жашта, "МТ Азия Групп" ЖЧКнын директору.
Эске салсак, бул округдан шайланып келген Шайлообек Атазов мандатынан ажыратылгандан кийин16-майда Садыр Жапаров Бишкектин Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаган.
Депутаттар шайлоо алдындагы үгүтчүлөрдүн санын азайтуу мыйзамын четке кагышты