Аюу, бугу, илбирс. Нарын коругунда фотокапканга түшкөн жаныбарлар. Видео

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда 2016-жылдан бери фотокапкандар менен жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Нарын мамлекеттик коругунда коргоого алынган жаныбарлар фотокапканга түшүп калган. Бул тууралуу аймактык кабарчы коруктун директору Эркинбек Абдыбалиевге таянуу менен билдирди.
Жетекчинин айтымында, фотокапкандар аркылуу жапайы жаныбарлардын аска-тоодо эле эмес, токойлордо дагы жүрөрү аныкталган.
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда 2016-жылдан бери фотокапкандар менен жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүлүп келет. Абдыбалиев фотокапкандардын жардамы менен коруктун ылдыйкы зоналарындагы карагайдын арасында жапайы эчки-теке жана илбирстин ареалы бар экени такталганын айтты. Көрсөтүлгөн жерден жыл сайын жапайы жаныбарлар катталып келет.
Быйыл 900дөй ак куу кыштады. "Ак-Булуң Эко" коругунун ишмердүүлүгү. Сүрөт