Россельхознадзор балык жана сүт иштеткен 7 ишканага коюлган чектөөнү алды

Мындан ары ишканалар продукцияларын Россияга экспорттой алат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор) балыкты жана сүттү кайра иштеткен жети ишканага коюлган убактылуу чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов менен Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт жолугушкан.
"Протоколго ылайык, Россельхознадзор балыкты кайра иштетүүчү төрт ишканага жана сүттү кайра иштетүүчү үч ишканага коюлган убактылуу чектөөлөрдү алып салды. Аталган ишканаларга продукцияларын Россияга экспорттоого уруксат берилди", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жалпы жонунан балыкты кайра иштетүүчү 10 ишкана жана сүттү кайра иштетүүчү жети ишкана Россияга продукцияларын экспортой алары кошумчаланды.
Ооруп өлгөн малдын этин саткандар бар. Министрдин маеги