Кээде коңурук тартып каласызбы? Диетолог себебин түшүндүрдү

Коңурукту тартууга түрткөн тамак-аштардын сап башында сүт азыктары турат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Коңурук тартуу көп учурда адамдын анатомиялык түзүлүшүнө байланыштуу. Бирок кээде коңурук тартпаган адамдар да тартып калат. Бул абал айрым азыктардын таасиринен болорун диетолог, реабилитолог Ольга Перевалова Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
Адистин айтымында, коңурук тартууга түрткөн тамак-аштардын сап башында сүт азыктары турат.
"Мурун көңдөйүндөгү былжырдын көбөйүшүн биринчи кезекте сүт азыктары шарттайт, ага кефир, каймак, сүт, йогурт жана башкалар кирет. Эгерде адам кечки тамактын ордуна йогурт жеп эле жата турган болсо мурун көңдөйүндө былжыр суюктук топтолот. Мындай абал ошол жердеги бактериялардын көбөйүшүн шарттайт. Былжырдын көптүгүнөн жана ошол жердин сезгенүүсүнөн улам аба өтө турган жер тарып, ышкырык сыяктуу үн же коңуруктун үнү чыга баштайт", – деп түшүндүргөн дарыгер.
Перевалова сүт азыктарынан тышкары углеводдуу, таттуу, туздуу азыктар, алкоголдук ичимдиктер да адамдын коңурук тартуусуна түртө тургандыгын белгилеген.
"Таттуулар, углеводдор – инфекция, бактериялардын сүйүктүү азыгы. Кээде кечки тамактан кийин таттуу жеп алып жатканда коңурук тартышат. Мындан тышкары, сапаты жакшы эмес эт да ушул абалды жаратат. Ал эми алкоголдук ичимдик ичип, туздуу азык жеген адамды эртең менен көрсөңүз шишип калган болот. Анда анын бети гана эмес, мурундун ичи да шишийт. Мындайда ага дем алуу кыйын болуп коңурук тартат", – деген диетолог.
Коңурук тартпоо үчүн кечкисин тамакты өтө туздуу, майлуу кылбай даярдоо сунушталат. Майлуу эмес балык, тоок эти, жашылча-жемиш – мурун көңдөйүн былжыр чел менен тоспой турган азыктар.
Дарыгер татымалдардын ден соолукка таасирин айтты