1-июнга карата аба ырайы

1-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Ишембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Таласта +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31 градус жылуу болот.
Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +28...+30 градуска жетет. Ош шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +29...+31 градуска көтөрүлөт.
Аюу, бугу, илбирс. Нарын коругунда фотокапканга түшкөн жаныбарлар. Видео