Бир убакта уктаганга көнгүлө. Уйкуну жакшыртуу жолдору айтылды

Уйку ден соолук үчүн маанилүү фактор экени айтылып, тамактануу да кечки уйкуга таасирин тийгизери белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги уйкунун жетишсиздиги ашыкча салмакка, жүрөк ооруларына, ал тургай депрессияга алып келерин айтып, канча убакыт укташ керектигин, уйкуну жакшыртуу жолдорун тизмектеди.
Министрликтин маалыматына караганда, чоңдор дайыма жети же андан көп саат укташы керек.
"Кээ бир адамдар, өзгөчө жаштар жана өнөкөт оорулары бар адамдар суткасына 9 сааттан ашык уйкуга муктаж. Айрымдарына 6 сааттан аз уйку жетиштүү. Бул генетикалык факторлорго байланыштуу", — деп жазылат кабарда.
Суткасына 7 сааттан аз уктоо кандай ооруларды шарттайт. Тизме:
кант диабети;
жүрөк-кан тамыр оорулары;
инсульт, кан басымынын жогорулашы;
салмак кошуу жана семирүү;
иммундук системанын бузулушу, психикалык ден соолуктун начарлашы жана депрессияга кабылуу коркунучу жогорулайт.
Ведомство уйку жетишсиз болуп калса адамдын чечим кабыл алуу жөндөмүнө таасир этип, айдоочуларга жолдо кырсыкка кабылуу коркунучун көбөйтөрүн белгиледи.
"Уйкуну жакшыртыш үчүн бир убакта уктап, бир убакта ойгонуңуз. Дем алыш күндөрү да. Уктоочу бөлмө тынч, караңгы, салкын болушу керек. Гаджеттерди башка бөлмөгө таштап, телевизор, телефонду уктаардан жок дегенде 30 мүнөт мурун өчүрүңүз. Рационго көңүл буруңуз. Кофеинден, алкоголдук ичимдиктерден жана жатар алдында көп тамактануудан алыс болуңуз. Күндүз да пайдалуу тамактарга басым жасаңыз. Жатар алдында суюктук ичпеңиз. Чылым чекпей, спорт менен достошуп, күндүз уктабаганга аракет кылыңыз", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик эрте жатуу керектигин кошумчалаган.
Министрлик жаңы көз жарган аял сактай турган эрежелерди эскертти