Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров НАТО Киевге F-16 берсе, ал өзөктүк тармактагы коңгуроо болорун айтты

Бул учактар НАТО Украинага жиберип жаткан куралдардын башка түрүндөй эле жок кылынарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россия Украинага F-16 истребителдеринин берилишин НАТОнун өзөктүк жааттагы билип туруп каккан коңгуроосу катары карайт жана учактар Украина армиясынын башка куралдары сыяктуу эле жок кылынат. Алардын келиши согуш талаасындагы кырдаалды эч өзгөртпөйт. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
" F-16 истребителдери НАТОнун "биргелешкен өзөктүк миссиясынын" алкагында узак убакыт бою ташып-жеткирүүнүн негизги каражаты болуп келген. Андыктан аларды берүүнү НАТОнун өзөктүк тармактагы атайылап жасалган, белги берген кадамы катары карабай кое албайбыз. Украинада АКШ да, НАТО да бардыгына даяр деп түшүндүрүүгө аракет кылышууда", — деген министр.
Ал F-16лардын келиши согуш талаасында, каршылашуу жүрүп жаткан чектерде абалга аралжы боло албастыгын кошумчалады.
"Бул учактар НАТО Украинага жиберип жаткан куралдардын башка түрүндөй эле жок кылынат", — деп белгилеген Лавров.
Мурдараак АКШ союздаштарына F-16 учактарын Украинага берүүгө уруксат берген. Аны башкарып тейлеген адистерди даярдоого өздөрү катышары маалым болгон. Окутуу Аризонада өтөрү айтылган.
Апрелде АКШнын Аба күчтөрүнүн өкүлү РИА Новостиге бул штатта украиналык 12 учкуч машыгуудан өтүп жатканын билдирген.
Украинага F-16 согуштук учактарын берүүгө биринчилерден болуп Нидерландия менен Дания макул болгон. Ак үй Украина учкучтары машыгуудан өткөндөн кийин үчүнчү өлкөлөрдөн согуштук учактарды аларын ырастаган.
Голландиянын коргоо министри Кайса Оллонгрен Гаага Киевге алгачкы F-16 согуштук учактарын 2024-жылы жөнөтүүнү пландаганын билдирсе, Бельгиянын тышкы иштер министри Ажа Лябиб өлкө 2028-жылга чейин Украинаны отуз F-16 менен камсыздаарын, алгачкыларын Киев ушул жылдын аягына чейин кабыл алышы керектигин айткан.
Буга чейин Россиянын Гаагадагы элчиси Александр Шульгин голландиялыктардын Киевге F-16 согуштук учактарын жеткирүүсү Украинадагы чыр-чатактын созулуп кетишин шарттап, мындан жөнөкөй калк эле жабыркай турганын белгилеген.
Москва Украинаны куралдандыруу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жүк Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздап жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен да алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев фронттогу чектерин коргош үчүн Батыштан 60 истребитель сурап жатат