БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жаңылыктардагы мобилографияда кооз кадрлардан дагы оперативдүүлүк маанилүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мобилографы, кабарчысы Аяна Байтемирова редакциянын маалымат борборунда өткөн мастер-класста билдирди.
Агенттиктин кезектеги SputnikPro долбооруна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышкан.
Байтемированын айтымында, мобилограф окуяны жеринен сүрөт, видеого тартып, ошол эле жерден атайын тиркемелер менен монтаж жасап, социалдык баракчаларга салып коет.
"Азыр көпчүлүк узун видеолорду көрбөйт. Бир мүнөткө жетпеген, музыка менен коштолгон, кадрлары бат-бат алмашкан, эмоцияларды жана өзгөчө көрүнүштөрдү камтыган видеолор көп көрүлөт", — деди адис.
Ал кыска видеону кантип тартуу керектигин тизмектеди:
алгач камераны жакшылап сүртүп алыңыз. Анткени кичинекей бир тактан кадр толугу менен жарабай калышы мүмкүн;
жарыктандырууну байкаш керек. Канчалык жарык жерде тартылса, сүрөт ошончолук так болот;
фокусту коюш керек;
телефонду катуу кармоо зарыл;
окуя болгон жерге барганда баарын байкап туруш керек. Кээде күткөн окуя үч гана секундда болуп кетиши мүмкүн. Камера даяр эмес болсо, жетишпей каласыз;
эгерде башында кадрларды түз ала албайм десеңиз камеранын сеткасын күйгүзүп алсаңыз болот.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар.