Садыр Жапаров: ЕАЭБ туруктуулуктун символу боло алды

Өлкө башчы биргелешкен аракеттин аркасында маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга мүмкүн болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандарын, Евразия экономикалык комиссиясынын, биримдиктин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн ЕАЭБдин 10 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттин жетекчиси Евразия экономикалык биримдиги туруктуулуктун символу боло алганын белгилеген.
"Биримдик дүйнөдөгү башка өнөктөштөр үчүн туруктуулуктун, пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп калды. Биргелешкен аракетибиздин аркасында маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыра алдык. ЕАЭБ алкагында 2030 жана 2045-жылдарга карата экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө декларацияны сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга чоң маани берилет. Кыргызстан биримдиктин идеяларына, максаттарына жана принциптерине берилгендигин сактап, өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле биримдиктеги өлкөлөргө өсүп-өнүгүүнү жана туруктуулукту каалай турганын кошумчалады.
ЕАЭБге 10 жыл толду. Тарыхый келишимге кандайча кол коюлган