Пресс-борбор

Евразия өнүктүрүү банкы "Работа без границ" тиркемесинин пайдасы тууралуу

Тигран Саркисян аталган платформаны колдонгон кыргызстандыктар азырынча аз экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Мигранттар "Работа без границ" тиркемеси аркылуу айрым кызматтарды аралыктан алса болот. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасы, Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санарип долбоорлору" аттуу видеокөпүрөгө катышкан.
Саркиясындын айтымында, аталган платформаны колдонгон кыргызстандыктар аз, анткени алар бири-биринен угуп маалымат алууну улантууда.
Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасы, Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян

"Мигрант Россиянын бир шаарына барып, шарттар менен жеринен таанышкандан кийин бир нерсе жакпай кайра кайтып келүүнү чечет. Бул түйшүк. Мигранттар "Работа без границ" тиркемеси аркылуу бардык кызыккан суроолоруна жооп алса болот. Тийиштүү суроо-жооптору менен бөлүмү бар", — деди Саркисян.

Садыр Жапаров: ЕАЭБ туруктуулуктун символу боло алды