Омуртканы жабыркатпаш үчүн 4 адаттан арылыңыз

Адистер спорт — ден соолуктун булагы экенин эстен чыгарбоону айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бел ооруга адатта күнүмдүк адаттар себепкер болот. Алардын кээ бири майда көрүнгөнү менен кийинчерээк омурткага зыян келтирип, остеохондрозду өрчүтүп жибериши мүмкүн. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасы жазып, омуртканы бузган адаттарды тизмектеди.
Отуруп иштөө
Ордунан көпкө турбай иштеген адистер, өзгөчө программист, сатуучу, кеңседе отурган жумушчулар бел жана моюн ооруларына көп чалдыгат. Себеби узак убакытка отурганда омурткага күч келип, анын түзүлүшү бузулат. Мындан улам бүкүрөйүп, бел ооруга чалдыгышы мүмкүн. Буга жол бербөө үчүн саат сайын 5-7 мүнөт басып туруу зарыл. Колдон келсе белге арналган жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасап койсоңуз жеңилдеп каласыз.
Сумканы бир ийинге көтөрүү
Бул адат омуртканы бузат! Убакыттын өтүшү менен тулку бойдун ассиметриясы өрчүп омуртка, муун бузула баштайт. Мындай оорудан алыс болуш үчүн сумканы эки ийиниңизге же алмаштырып көтөргөндү адат кылыңыз.
Ыңгайсыз абалда уктоо
Түнкүсүн аябай эле жумшак же өтө эле катуу төшөктө уктоо туура эмес. Андан омуртка, моюн ооруп калат. Бул адаттан арылуу үчүн ыңгайлуу жаздык менен төшөк камдап алганыңыз оң.
Спорт
Спортсуз омуртканы кармап турган булчуңдар алсызданып, бошоп калат. Бул омуртканын жылып кетишине жана кан айлануунун бузулушуна алып келет. Андыктан спорт — ден соолуктун булагы экенин унутпаңыз. Оор жүк көтөрүүдө абайлаңыз.
Травматолог адамдар өздөрү байкабай жүргөн оору тууралуу түшүндүрдү