РФ Федерация кеңеши Евразия үчүн жаралчу финансылык кооптуулуктарды тизмектеди

Бишкекте Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топко мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форуму өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Россиянын Федерация кеңешинин төрага орун басары Николай Журавлев бир катар өлкөлөр үчүн жарала турган жалпы финансылык кооптуулуктарды тизмектеп берди.
Ал Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топко мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунда сүйлөгөн.
Журавлевдун айтымында, акыркы жылдарда финансылык технологиялардын сапаты кыйла жакшырды, заман менен кадамдаш болуунун зарылдыгын азыр баары түшүнөт. Анткен менен бул жаңы финансылык өндүрүмдөрдү, технологиялардын пайда болушун эле шарттабастан, финансы системасынын туруктуулугун жана финансылык коопсуздукту камсыздоону да талап кылат. Журавлев ушу тапта жаңы технологиялардын жардамы менен жасалган кылмыштардын саны өсүп жатканын белгиледи.
"Жалпы кооптуулуктардын катарына көзөмөлдөнбөгөн криптовалюталардын мыйзамсыз колдонулушун, каржы пирамидаларынын жайылышын жана интернеттеги шылуундук схемаларды кошууга болот", — деди төраганын орун басары.
Иш-чарада тобокелчиликтерге каршы күрөшүүдө теске салуучу ыкмалардын маанилүүлүгү белгиленди.
Былтыр каржы пирамидасы менен элди 68 млн. сомго алдаган 40 адам жоопко тартылды