ЕАЭБ экономикалык чакырыктарды жеңүүгө өбөлгө болду. Министрдин кайрылуусу

Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик түзүлгөн 10 жыл ичинде биримдик мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө, бизнести өнүктүрүп, экономикалык чакырыктарды жеңип чыгууга өбөлгө болду. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиевдин уюмдун 10 жылдыгына карата айтылган куттуктоосунда жазылат.
Ал бүгүнкү күн аймактын бакубат жашоосу жана гүлдөп-өсүү жолунда алдыда турган кыйынчылыктарды жеңүү үчүн актуалдуу маселелерди жана максаттарды белгилөөгө мүмкүнчүлүк берерин билдирген.
"Биримдиктин экономикалык интеграциясын өнүктүрүүдө кызматташтыкты жана тыгыз кызматташууну мындан ары бекемдөө принцибин кармануу маанилүү. Учурдан пайдаланып Евразия экономикалык биримдигинин максаттарынан жана принциптеринен тайбоого болгон аракетибизди белгилеп кетким келет", — деген министр.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 29-майында Путин, Лукашенко жана Назарбаев Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. ЕАЭБ 2000-жылы Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттери түзгөн ЕврАзЭС уюмунан келип чыккан.
Салык кызматы Кыргызстан ЕАЭБге кирип кандай артыкчылыктарга ээ болгонун айтты