Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинанын кожоюндары болбогондо Россия тил табышып алмак

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Эгер Украинанын башында кожоюндардын кызыкчылыгын көздөгөндөр эмес, улуттук кызыкчылыкты жетекчиликке алгандар турганда Россия менен эбак макулдашып алмак. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин билдирди.
Ал Өзбекстанга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Эгерде Украинаны Европадагы же океандын ары жагындагы кожоюндарынын кызыкчылыгы эмес, улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алган адамдар башкарганда эбак тил табышып алмакпыз", — деди Путин.
Ал ошондой эле Россия Украина боюнча сүйлөшүү процессин улантууга даяр экенин, бирок аларга кандай сунуштар берилери белгисиз экенин кошумчалады.
Байден Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке АКШ жалгыз жеткенин айтты. РФтин жообу