Министрлер кабинетин ЖК чечимдерин аткарууга милдеттендирүү сунушталды

Жогорку Кеңештин чечимдери токтом менен кабыл алынып, республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш экени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Депутат Дастан Жумабеков "КРдин министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү сунуштап, ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети тарабынан жактырылды.
"Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын министрлер кабинети эмес, министрликтердин жана ведомстволордун деңгээлиндеги аткаруу бийлиги камсыз кылат. Анткени бул конституциялык мыйзамдын 13-беренесинде министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарында Жогорку Кеңештин чечимдерин аткаруу ченеми жок. Бул позиция укуктун коллизиясы, башкача айтканда, мыйзамдагы боштук болуп саналат", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.
Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин чечимдери токтом менен кабыл алынып, республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш экени белгиленген. Мындан улам "КРдин министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 13-беренесинин биринчи бөлүгүн "жана Жогорку Кеңештин" деген сөз менен толуктоо сунушталган. Мындан тышкары, өкмөттүн мыйзамды карашы үчүн кошумча мөөнөт берүү каралган.
"Министрлер кабинети мыйзам долбоорун келип түшкөн күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен карайт. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен макулдашуу боюнча бул мөөнөт узартылышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда узартуу мөөнөтү аныкталган эмес. Бул ченемдик боштукту жоюуга байланыштуу 15 күндөн ашпаган мөөнөт белгилөө сунушталууда", — деп жазылган.
Эске сала кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин" айтып, депутаттарды сындаган. Натыйжада Жогорку Кеңеш президентке Байсаловду кызматынан бошотуу сунушун жөнөтүп, кийин ал кечирим сураган.
Конституциялык сот депутаттарды ЖКнын макулдугусуз кармоого жол ачты. Чоо-жайы