БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанга Россиядан С-300 зениттик-ракеталык комплекси келет. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Руслан Мукамбетов "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирген.
"С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жакынкы айларда келери күтүлүүдө. Андан башка да зениттик-ракеталык комплекстерди алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деген ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга С-300 зениттик-ракеталык системасын жана сокку уруучу пилотсуз аппараттарды алып келүү боюнча келишим түзүлгөнү 2021-жылдын февралында белгилүү болгон.