Изилдөө гепатиттин В, С, D түрлөрү жана ВИЧ-инфекциянын канчалык жайылганын баалоого багытталат. Изилдөөгө Кыргызстан боюнча 66 миӊ 90 үй-бүлө камтылат. Бул тууралуу Үмүт Чокморова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 218 миӊ киши гепатитке каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, үч дозасын теӊ алгандар 116 миӊ адамды түзөт. Калктын санына карата бул өтө аз көрсөткүч.
"Кыргызстанда буга чейин гепатит менен күрөшкөн бир дагы борбор болгон эмес. Бейтаптардын көбү жеке клиникаларга барып текшерилип, боордун циррозу же рак болуп калганда эле мамлекеттик ооруканаларга жатып дарыланышкан. Андыктан жугуу жана дарылоо жолдорунун окшоштугун эске алып, Республикалык СПИД борбору 2022-жылы күзүндө Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борбору болуп аталып калды. Кыргызстан боюнча 34 лабораториябыз бар. Болжолдоо программасына ылайык, өлкөдөгү ВИЧ-инфекция менен жабыркаган бейтаптардын санын билебиз. Ал эми гепатит менен канча адам ооруп жатканы боюнча так маалымат жок. Бирок Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин берген маалыматына таянсак 3000ге жакын адам гепатиттин В, дагы 2000дейи гепатиттин D түрү менен жабыркайт. Бейтаптардын өкмөткө жардам сурап кайрылуусунун натыйжасында диагностикалоо, алдын алуу үчүн вакцинациялоо жана дарылоо иштерине 2022-жылдын соӊунда 254 миллион сом бөлүнгөн. Ошентип манжадан кан алып калк арасында экспресс-тест жүргүзүп, оору аныкталбагандарды үч этап менен жапырт эмдей баштадык. Бүгүнкү күндө мунун баары бекер жасалууда. Бирок боор рагын же циррозун аныктаган фиброскан аппаратына түшүүгө бейтаптар дагы деле жеке клиникаларга жөнөтүлөт. Учурда Бүткүл дүйнөлүк фондго аталган жабдыкты алуу үчүн арыз жөнөтүп, эми үч фиброскан алганы турабыз. Биздин борбор 2023-жылдын март айынан бери дээрлик гепатит менен ооруган жаӊы 27 миӊ учурду аныктады. Анын 17 миӊ 800ү гепатиттин В, D түрү, 9000ге жакыны гепатиттин С түрү менен жабыркагандар. Бирок оору кайсы аймакта жайылганын, кайдан жуктуруп алгандарын так айтуу мүмкүн эмес. Андыктан Грузиянын тажрыйбасын колдонуп, өлкөдө популяциялык серологиялык изилдөө жүргүзүү пландалып жатат. Тажрыйба алмашуу максатында дарыгерлер ал жакка барып келдик. Изилдөөнүн максаты бейтаптардын так санын, кайдан жугузганын аныктап, ага жараша алдын алуу чараларын жүргүзүү болуп саналат. Азыр кан чогултуу үчүн дарыгерлер тренинг өткөрүп, облустар боюнча маалымат алууга ылайыктуу интервьюерлер такталып жатат", — деди Чокморова.
Ал изилдөө 18-июндан кийин башталарын, 1,5 айга созулган иш-чаранын жыйынтыгы жыл соӊунда чыгарын кошумчалады.