Ысык-Көлдө Бостери баатырдын 400 жылдыгы белгиленүүдө

Маараке спорттук, маданий, илимий программа менен коштолуп, коноктор үчүн байгелер уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ысык-Көлдө Бостери баатырдын 400 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, мааракелик иш-чаралар 1-июнга чейин Бостери айылында өтөт.
1 / 3

Ысык-Көлдө Бостери баатырдын 400 жылдыгы белгиленүүдө

2 / 3

Маалыматка ылайык, мааракелик иш-чаралар 1-июнга чейин Бостери айылында өтөт

3 / 3

Коноктор үчүн 70 боз үй тигилип, маданий, концерттик программалар уюштурулары, катышуучулар арасында беш автоунаа жана башка акчалай байгелер ойнотулары айтылды

"Иш-чаранын алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда футбол, волейбол, эркин күрөш, шахмат, көк бөрү, ат чабыш, кыргыз күрөш жана эр эңиш боюнча мелдештер өткөрүлөт. Мындан сырткары, тарыхый лекциялар окулуп, экология жана туризм боюнча конференциялар, тарыхчылардын катышуусунда "Санжыра" деп аталган генеалогиялык жыйын өткөрүлөт жана Бостери баатыр тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Коноктор үчүн 70 боз үй тигилип, маданий, концерттик программалар уюштурулары, катышуучулар арасында беш автоунаа жана башка акчалай байгелер ойнотулары айтылды.
Мааракени уюштуруу алдында Бостеринин урпактары ишембилик уюштуруп, беш тоннадан ашык таштанды жыйналган. Мындай ишембиликтер 1-октябрга чейин уланары кошумчаланды.
Тарыхый маалымат:
Бостери баатыр – 1624-жылы Кичи Нарын дарыясынын жээгинде туулган, кыргыздын айтылуу баатыры. Анын атасы – Жалдуу Каба, Сарык байдын урпагы болгон. Бостери Жунгар хандыгы тараптан кооптуу кырдаал түзүлүп, калмак жоокерлери кыргыздарга, казактарга жана өзбектерге каршы чабуулдарды уюштуруп турган мезгилдери чоңойгон.
Ысык-Көлдө пансионаттарга бара турчу жолдор да оңдоло баштады