"Манас" аэропорту топтолгон пакистандыктар боюнча түшүндүрмө берди

21-майда Пакистандын бийлиги өз жарандары үчүн бекер каттамдарды уюштуруп, бирок тизмеге баары кирбей калганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май – Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Пакистан жарандарынын аэробекетке топтолушу боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан кийин, 21-майда Пакистандын бийлиги өз жарандары үчүн бекер каттамдарды уюштурган. Буга байланыштуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы жарандары аэропортко жапырт келип, аларды акысыз каттамга каттоону талап кылышкан.
1 / 4

"Манас" эл аралык аэропорту Пакистан жарандарынын аэробекетке топтолушу боюнча түшүндүрмө берди

2 / 4

Маалыматка караганда, 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан кийин 21-майда Пакистандын бийлиги өз жарандары үчүн бекер каттамдарды уюштурган. Буга байланыштуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы жарандары аэропортко жапырт келип, аларды акысыз каттамга каттоону талап кылышкан.

3 / 4

Учуп кетүүнү каалагандардын саны учактагы орундардын санынан өтө эле көп болгондуктан ызы-чуу башталган. Аэропорттогу пакистандыктар өз бийлигине нааразы болуп, Кыргызстандан акысыз учуп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылышкан.

4 / 4

Башында Кыргызстандагы бардык пакистандыктарга акысыз учуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Кийинчерээк Пакистандын ТИМи атайын тизме берген. Ал тизмеге каалоочулардын баары кирбегендиктен нааразычылыктар жаралган.

"Учуп кетүүнү каалагандардын саны учактагы орундардын санынан өтө эле көп болгондуктан ызы-чуу башталган. Аэропорттогу пакистандыктар өз бийлигине нааразы болуп, Кыргызстандан акысыз учуп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылышкан. Башында Кыргызстандагы бардык пакистандыктарга акысыз учуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Кийинчерээк Пакистандын ТИМи атайын тизме берген. Ал тизмеге каалоочулардын баары кирбегендиктен нааразычылыктар жаралган", — деп жазылат билдирмеде.

"Манас" аэропорту тизмени кыргыз бийлиги эмес, Пакистан бийлиги түзүп, өзгөрткөнүн айтып, маселени чечүү үчүн аталган мамлекеттин Бишкектеги элчилигине кайрылууну өтүндү.
Ишкана "чет элдик жарандарга аэропорттун кызматкерлери орой мамиле жасайт" деп социалдык тармакка тарап жаткан видеолор боюнча да үн катты.
"Аэропорттун өз эрежелери бар. Маселен, бир адам катталып жатканда башкалары сары сызыктан өтпөшү керек. Пакистан жарандары ал эрежелерди сактабай, каттоо жерлерине үйүлүп алышкан. Кызматкерлердин айтканын да угушкан эмес. Мындан улам катуу чара көрүүгө туура келген", — деди ишканадан.
"Манас" аэропорту соцтармак колдонуучуларын элдин оюн бурмалап, кырдаалды курчутуп жалган маалымат таратпоого чакырды.
Эске салсак, 13-майда төрт кыргыз бала чет элдиктерге кол салып, мушташ чыккан. Анын видеосу интернетте "чет элдиктер кыргыздарды сабаган" деген аталыш менен тарап, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына жаштардын чогулушуна себеп болду. Топтолгондор түшүндүрүү иштеринен кийин таңга жуук тарашкан. Кийин мушташка катышкан делип төрт чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кайра үй камагына чыгарылды. Ал эми аларга кол салган делген үч бала, кийин дагы бири кармалды. Окуя боюнча "Массалык башаламандык" жана "Бейбаштык" боюнча иш козголду.
Пакистандын ТИМ башчысы ооруканадагы мекендешинен кабар алды