Чек ара кызматы Бишкекте "Күжүрмөн эсеп" эскерүү акциясын өткөрдү

Күжүрмөн эсеп – мамлекеттик чек араны кайтарууга чек арачыларды дайындоонун салттуу ырым-жырымы.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте "Күжүрмөн эсеп" аттуу эскерүү акциясы өткөнүн УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Иш-чара Дайыр Асанов сейил багында болуп, аны Чек ара кызматынын ардагерлер кеңеши уюштурган.
1 / 3

Бишкекте "Күжүрмөн эсеп" аттуу эскерүү акциясы өткөнүн УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди

2 / 3

Иш-чара Дайыр Асанов сейил багында болуп, аны Чек ара кызматынын ардагерлер кеңеши уюштурган

3 / 3

Иш-чара өлкөдө 2016-жылдан бери өткөрүлүп келери айтылды

"Күжүрмөн эсеп – мамлекеттик чек араны кайтарууга чек арачыларды дайындоонун салттуу ырым-жырымы. Күн сайын республиканын бардык чек ара заставаларында жана өткөрүү жайларында "Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кайтарууга чыгууга буйрук кылам!" деген буйрук берилет. Бул жөрөлгө катарда турган жигиттер жөн эле жоокер эмес, 1941-жылы жана жакында эле 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болгон окуялардагыдай мекенинин чек арасын кайтарып, душманга биринчилерден болуп сокку урган жоокерлер экенин билдирет", — деп айтылат билдирмеде.

Иш-чара өлкөдө 2016-жылдан бери өткөрүлүп келери айтылды.
Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Чолпонбек Буржуев жоокерлердин төгүлгөн каны жер жүзүндөгү тынчтык үчүн баа жеткис экендигин эстен чыгарбоо керектигин белгилеген.
"Андыктан биз, ардагерлер, чек ара кызматынын кадыр-баркын көтөрүүгө, жаштарыбызды мекенди сүйүүгө, мекенчилдик сезимдерин тарбиялоого аракет кылып келебиз", — деген Буржуев.
Чоң-Алайдан Акаевди тосуп алган атчандар. Куралдуу күчтөрдүн тарыхынан ирмемдер