Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта кандай натыйжага жетишкени айтылды

Кыргызстандын 369 ишканасы ЕАЭБ реестрине киргизилгени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Кыргызстан ЕАЭБге кирген алгачкы жылдардан тарта оң натыйжа ала баштаганын айтып, өлкөнүн уюмга интеграциясынын негизги жыйынтыктарын тизмектеп берди.
1 / 2

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Кыргызстан ЕАЭБге кирген алгачкы жылдардан тарта оң натыйжа ала баштаганын айтып, өлкөнүн уюмга интеграциясынын негизги жыйынтыктарын тизмектеп берди.

2 / 2

Бишкекте ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 10 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Анын айтымында, 9 жылдын ичинде Кыргызстандын ИДПсынын орточо жылдык өсүшү 3,9 пайыз, ал эми жалпы биримдик боюнча бул көрсөткүч 1,3 пайыз деңгээлинде болду. Былтыр ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллион сомго жетип, 2014-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн.
"Өлкөнүн ЕАЭБге кошулуусу мигранттардын ишке орношуусун жөнөкөйлөштүрдү. Уюмдун башка өлкөлөрүндө иштеген кыргыз жарандары милдеттүү медициналык, пенсиялык камсыздоо жаатында бирдей укуктарга ээ болду. Жеке жактардан акча которуулардын агымы 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,7 эсеге өстү", — деди Малаев.
Ошондой эле Кыргызстандын 369 ишканасы ЕАЭБ реестрине киргизилгени кошумчаланды.
Бишкекте ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 10 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Анда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, серепчилер соңку 10 жылдыктагы уюмда жасалган иштерди талкуулашууда.
ЕАЭБ ресурстары уюмдун азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыздай алат